• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

7-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Эртең, 7-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болушу, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6 градуска жетет.

Эртең, 7-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 1…3 градус болот

Пикир

Оставить комментарий