• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурда 7 саламаттык сактоо объектисинин капиталдык оңдоо иштери аяктады – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 7 саламаттык сактоо объектисинин реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул объектилердин курулушу республикалык бюджеттен жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусу тарабынан каржыланды.

Объектилердин долбоордук кубаттуулугу – 595 койка-орун. Обьекттерде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Ошондой эле полдордун жаңы линолеумга алмаштырып, жылуулук системасы жасалган. Андан сырткары, чатыр, электрмонтаж, сантехника, вентиляция жана жылытуу жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

Объекттердин тизмеси:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 техникалык лицейдин профилин 150 орундуу стационарга өзгөртүү;
2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндөгү 90 койкалуу поликлиниканы оңдоп-түзөө;
3. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборун оңдоп-түзөө;
4. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы оңдоп-түзөө;
5. Чуй облусунун Кемин районунун Орловка шаарчасындагы 45 орунга ылайыкталган оорукананы капиталдык оңдоп-түзөө;
6. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын 150 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоп-түзөө;
7. Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары.

Пикир

Оставить комментарий