• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

7-сентябрдан тарта “Саякбай” тасмасы көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 04.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. 7-сентябрдан тарта өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында жаңы тарыхый "Саякбай" тасмасы көрсөтүлө баштайт.Бул тууралуу “Саякбай” эл аралык фондунан кабарлашты.

Бул жылы улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу “Саякбай. 20-кылымдын Гомери” аталыштагы тасма тартылган. Башкы каармандын ролун актер Марат Жанталиев аткарган. Тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров, башкы продюсер – Самат Ибраев жана “Саякбай манасчы” фонду.

Саякбай Каралаев – акын, улуу манасчы, өзүнүн кереметүү эс тутуму менен өзгөчөлөнүп турган.

Ал өзү иштеп чыккан “Манас” үчилтигинин салтуу эпикалык сюжетин эң жогорку деңгээлде аткарган.

Каралаев Кыргыз ССРнин эл артисти жана көптөгөн медальдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий