• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

700дөн ашуун жаш аскер ант беришти - МЧК

Коом 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен, Ош, Ысык-Көл облустары боюнча башкармалыктарында жаш аскерлер ант беришти. Бул тууралуу КР МЧК коомчулук жана ММКлар менен байланыш кызматы билдирди.

Ата Мекенге берилгендик антын Айдаркенде 310, Ошто 324 жана Караколдо 81 болуп жалпысынан 700дөн ашуун жаш аскерлер беришти.

Ант берүүнүн алдында жаш аскерлер курсунан өтүшүп, аскердик кызматтын чеберчилиги тууралуу окушту. Азыркы толуктоо негизинен орто-атайын жана жогорку билимдүү жаш аскерлерден турат. Бул армия кызматына жаштардын жогорку кызыгуусун билдирет.

Салтанаттуу иш чаралар Ош, Айдаркен жана Караколдо өткөрүлдү. Аларга чек ара башкармалыктарынын, мамадминистрациялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ветерандар, солдаттардын туугандары катышышты.

Сөз сүйлөгөндөрдүн баары аскерлерге Ата Мекенге берилип кызмат өтөөнү каалап өтүштү.

Ант берген солдаттар чек ара бекеттеринде кызмат өтөшөт.

Пикир

Оставить комментарий