• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

71 миң 37 сом чогулду. "Тазалыктын" кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. Кабар/. Бишкек шаарында өткөн дем алыш күндөрү "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу боюнча кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү.

"Тазалык" МИнын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдиргендей, бир күндөр 71 миң 37 сом чогулган.

"Жарманке өткөн чакан бөлмөгө бир күндүн ичинде дээрлик 200гө жакын адам келди. Алардын арасында дарыгерлер, пенсионерлер, мэриянын кызматкерлери, мектеп окуучулары, "Тазалыктын" директору жана кызматкерлери, сүрөтчүлөр жана башкалар бар. Бардыгын санап да бере албайсың. Жарманке күнү биз менен бирге болгондордун бардыгына терең ыраазычылык билдирем. Өз салымын кошкон ар бир инсанга рахмат! Сиздер эң мыктысыздар!", - деп билдирген Каракеева.

Эске сала кетсек, операцияга акча чогултуу акциясы улантууда. Реквизиттер: ЭЛСОМ: 0550615155;

Optima Bank: 41719002503 Касымов Жеңишбек Асылбекович.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дарыгерлер Жеңиш Касымовго боордун альвеококкозу диагнозун коюшкан. Ага жардам берүү үчүн аталган мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева операцияга каражат чогулта баштаган.

Жеңиш Касымовдун жубайы жана үч баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий