• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

7198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7056 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7 миң 198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7 миң 56 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жеке ассистенттин ай сайын кызмат акысынын көлөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

Эске салсак, баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий