• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

№75 мектептин курулушу кандай жүрүп жатат? Бишкек мэриясынын жообу

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №75 мектеп-гимназиясынын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подрядчы уюм тарабынан дренаждык иштер бүткөрүлүп, бетон негизин жана платформаны куюу иштери аяктады. Учурда таяныч дубалдарды жана блокторду жабуу иштери жүрүп жатат.

"Мектеп авариялык абалда болгондуктан, жаңы окуу корпусун куруу пландалган. Жаңы имаратта жыйын жайы, хореографиялык, концерттик, спортукт залдары, китепкана жана ашкана болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, долбоордо газ отканасын куруу каралган.

Белгилей кетсек, жаңы курулуп жаткан мектептин жалпы аянты 5 миң 607 чарчы метри түзүп, 550 орунга ылайыкташтырылган. Жер тилкесинин аянты 1,08 гектарды түзөт. Курулуш иштерин «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө. №75 мектеп 1960-жылы курулуп, учурда авариялык абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий