• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

CA-NEWS: 75 жаштагы пенсионер велосипед менен ажыга жөнөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (UZ): Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунун пенсионери Хусан Ходжибаев велосипед менен ажылыкка Сауд Аравиясына жөнөдү. Учурда ал Бухара облусунда бара жатат.

75 жаштагы Хусан Ходжибаев 2-июнда жолго чыккан. Ал Түркмөнстандын чек арасына 7-июнда кечинде же 8-июнда эртең менен жетүү тилегин билдирген.

Кабарчы менен сүйлөшүүдө пенсионер Ходжибаев Түркмөнстан жана Иранга сыртка чыгуу визасын ала албагандыгын, анын колунда башка өлкөлөргө барууга шарт түзгөн Өзбекстандын гана сыртка чыгуу визасы бар экендигин белгилеген.

2016-жылдын сентябрында Хусан Ходжибаев Ислам Каримовдун элесине арнап, Самаркандга велосипед менен саякатка чыккан. Ал анда мамлекет башчынын мүрзөсүнө куран окуу үчүн 500 чакырымдан ашык жол жүргөн. Facebook колдонуучулары анын сапарын “кичи ажылык” катары баалашып, велосипед белек кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий