• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

750 миңден ашуун кыргызстандык миграцияда, анын үчтөн биринин кайтуу ниети бар

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. 750 миңден ашуун кыргызстандык миграцияда, анын үчтөн биринин кайтуу ниети бар. Бул тууралуу “Эмгек мигранттарынын потенциалын Кыргызстандагы өнүгүү процесстерине тартуу” аттуу тегерек столдо КР ТИМнин тышкы миргация департаментинин директору Таштанбек Каймазаров билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери миграциялык сальдо терс бойдон калууда.

“Айрыкча айыл жергесиндеги чектелген ресурстардан улам, өлкө ичиндеги жана сырткы миграция жаштар тарабынан жумуш табуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк катары каралат”, - деди Каймазаров.

Ал ошондой эле көптөгөн үй-бүлөлөр чет өлкөдөн которулган акчанын эсебинен жашап жаткандарын кошумчалады.

Эл аралык миграция уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда акыркы жылдары аял мигранттардын саны өскөн. Эгер 2015-жылдагы маалыматтарга ылайык, чет жакка кеткендердин көбү эркектер болсо, 2021-жылга карата мигранттардын 54 пайызын аялдар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий