• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

750 миң кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында, алардын 80 пайызы Россияда

Коом 0

Бишкек, 30.11.18 /Кабар/. Расмий маалыматтарга караганда, 750 миң ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт, алардын 80 пайызы Россияда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов "Республика-Ата Журт" фракциясынын ички жана тышкы миграция тармагындагы маселелерди талкуулаган отурумунда билдирди.

"Кыргыз мигранттарынын 80 пайызы Россиянын аймагында эмгектенишет, 10 пайызы Казакстанда, дагы 10 пайызы башка өлкөлөрдө", - деди Ибраимжанов. Анын айтымында, чет өлкөгө акча табуу үчүн кеткен кыргызстандыктардын көп бөлүгү өлкөнүн түштүк облустарынын тургундары.

Фракциянын лидери Жыргалбек Турускулов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мигранттардын өлкөнүн экономикасына болгон салымы тууралуу айтты. Анын билдиргенине караганда, 2017-жылы мигранттардан 2 миллиард 83 миллион доллар түшкөн. 2018-жылдын 8 айында 1 миллиард 844 миллион доллар түшкөн.

Депутаттар аткаруу органдарынын кыргызстандыктарды Россиянын "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча жумушун начар деп эсептешет.

Парламентарийлердин суроолоруна жооп берип жатып Ибраимжанов учурда миграция тармагындагы мыйзамды анализдөө боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий