• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: 77 салыкчы тартиптик жазага тартылды

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиянын чечимдерин аткаруу максатында, 77 салыкчы тартиптик жазага тартылышты, ошондой эле кээ бир аймактык салык органдырынын жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, аймактык салык органдарынын 4 бөлүм башчысына катуу сөгүш жарыяланды. 8 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 1 орун басары, 4 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 2 адис сөгүш алышты.

Ошондой эле, 28 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 6 орун басары, 16 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 8 адиске эскертүү берилди.

Мындан тышкары, Араван району боюнча салык органынын начальнигинин орун басары А.Торобаев ротация тартибинде Ала-Бука району боюнча салык органынын начальниги болуп дайындалды. Аксы району боюнча салык органынын начальниги С.Карабаев Майлуу-Суу шаары боюнча салык органынын начальниги болуп которулду.

Майлуу-Суу шаары боюнча салык органынын начальниги С.Осмонов Сузак району боюнча салык органынын начальнигинин орун басары болуп которулду, ал эми Сузак району боюнча салык органынын начальнигинин орун басары К.Жороев Аксы району боюнча салык кызматынын начальниги болуп дайындалды. Ала-Бука району боюнча салык органынын начальнигинин орун басары Ж.Эшенкулов Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчы кызматына которулду.

Азыркы учурда Араван жана Ала-Бука райондору боюнча салык органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын кызмат орундарына конкурстук тандоо жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 6-февралында Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму болуп өткөн.

Коллегиянын отурумунда бир катар маселелер, анын ичинде 2019-жылдагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмүн жыйноо боюнча, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү, салыктардын төлөнүшүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, жогору турган органдардын контролдук тапшырмаларын жана жарандардын келип түшкөн кайрылууларын аткаруу боюнча ж.б. суроолор каралган.

Пикир

Оставить комментарий