• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

7нен 11-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы менен таанышып алыңыз

Коом 0

Бишкек, 06.10.17./Кабар/. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 7-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

8-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-октябрда күндүз жана 9 -11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ал эми, 12-13-октябрда болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий