• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

7нен 11-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 7нен 11-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

8-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-сентябрда күндүз жана 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-сентябрда күндүз тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

12-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 13-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Токтогул, Жети-Огуз жана Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба ырайы:

7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн ала-булут каптап турат, бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

8-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-сентябрларда ала-булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалы аз.

Пикир

Оставить комментарий