• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

8-12-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 8нен 12-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 8-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

9-декабрда жана 10-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. 10-декабрда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

11-12-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорлайт.

Пикир

Оставить комментарий