• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

8-12-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. 8-февралда жана 9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

9-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө түнкүсүн жаан, күндүз суу кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий