• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

8 айдын ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 5,42 млрд. сом чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Сегиз айдын ичинде Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 3,9 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 112 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5,06 млрд. сомду түзүп, анын 5,42 млрд. сому (107,2 %) чогултулган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 115,6 %,

бюджеттик уюмдар – 100,2 %,

башка керектөөчүлөр – 100 %,

өндүрүштүк объектилер – 99,5 %,

жана айыл-чарба керектөөчүлөрү –99,5% аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу сегиз ай боюнча төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 105,6 %,

Чүй облусунда – 108,1 %,

Талас облусунда – 114,3 %,

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча 11,9 % нормасында электр энергиянын жалпы жоготуулары 11,65 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий