• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

8-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Эртең, 8-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40 градус чейин ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 38…40 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий