• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

8-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда -3...+2 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +5...+7 градуска жетет.


Пикир

Оставить комментарий