• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

8-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Эртең, 8-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот,-деп билдирет Кыргызгидромет. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5;

Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5;

Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11;

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз -2…-4°.

Пикир

Оставить комментарий