• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

8-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 0…5, Ысык-Көл күндүз -1…+4 градус жылуу болот, Нарын облусунда болсо абанын күндүзгү табы -4…-9 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 3…8 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 2…4 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий