• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

8-майда "Алтын тамга" тестирлөөсү өтөт – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 8-май күнү 11-класстын окуучулары үчүн республика боюнча мыкты аттестат алуучулар арасында "Алтын тамга" тестирлөөсү өткөрүлөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация кийинки сабактар боюнча өтөт:

– эне тил жана адабият (тест) – (кыргыз тили жана адабият, орус тили жана адабият, өзбек тили жана адабият),
– алгебра жана баштапкы анализ (тест),
– Кыргызстандын тарыхы (тест),
– химия (тест).

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, баардык форма жана типтеги билим берүү мекемелерине 11-класстын талапкерлеринин тизмесин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына 26-апрельге чейин берүү тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий