• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

8-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Эртең, 8-майда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий