• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

8-мартка чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 8-маартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 4-мартта кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

9-10-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий