• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында эртең 8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз +5...+10, Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3.

Бишкекте жамгыр жаабайт, түнкүсүн -1…+2, күндүз +7…+9. Ал эми Ошто дагы жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн +3…+5, күндүз +12…+14.

Пикир

Оставить комментарий