• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

8-мартка карата Бишкекте аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 7-мартта 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган кыргыз-түрк достук ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө министр бардык аялдарды алдыдагы майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Андан тышкары, республиканын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

“Бул иш-чара онкологиялык ооруларды алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү”, - деди Бейшеналиев.

Ведомствонун маалыматына караганда, акысыз кароо алдын ала жазылуу менен 7-11-март аралыгында жүргүзүлөт. Төмөнкү номерлерге чалып, жазылууга болот: 0997 650 000, 0312 650 000.

Пикир

Оставить комментарий