• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Жунусалиев жана Курултай көчөлөрүнүн бөлүктөрү оңдоо иштерине жабылды

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта Бишкектин эки көчөсү оңдоп-түзөө иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, Жунусалиев көчөсүнүн Гагаринден Ахунбаевге чейинки бөлүгүндө жана Ынтымак конушундагы Курултай көчөсү Магистральная көчөсүнөн Кожомкул көчөсүнө чейин унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.

Шота Руставели жана Азия көчөлөрү унаа үчүн альтернативалуу көчөлөргө айланат.

Көчөлөрдү оңдоп-түзөө Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий