• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

8-ноябрдан баштап кыргызстандыктар Сербияда 90 күн визасыз жүрө алышат

Саясат 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. 8-ноябрдан баштап Кыргызстандын жарандары Сербиянын аймагында 90 күн визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкөлөр керек болгон бардык ички мамлекеттик жараяндарды жыйынтыкташты.

"8-ноябрдан баштап КРнын жана Сербиянын өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган макулдашуу күчүнө кирет", - деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Көрсөтүлгөн датадан баштап эки өлкөнүн жарандары 90 күндөн ашпаган мөөнөт ичиндеги визалык талаптардан бошотулат.

Аталган макулдашуунун максаты - эки өлкөнүн өз ара сапарларын эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерин активдештирүү үчүн жеңилдетүү, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, туризм тармагын өнүктүрүү.

Буга чейин Сербияга дипломатиялык паспорттун ээлери гана визасыз бара алышкан.

Ошондой эле Сербиянын КРдагы элчилиги жок, виза жасоо үчүн жарандар Астанага баруусу керек болот.

Пикир

Оставить комментарий