• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

8-октябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-октябрда жана 7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-октябрда күндүз болсо кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 9-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

4-8-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы;

4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-октябрда тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-7-октябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий