• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

8-сентябрда Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Жалал-Абад” газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу 8-сентябрда саат 07:00дөн 21:00гө чейин Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт.

Жумуштун мындай түрлөрү Газ бөлүштүрүүчү станциянын иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында жана күзгү-кышкы жылытуу сезонундагы жогорку жүктөм учурунда жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өткөрүлөт.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий