• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

8-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-сентябрдан 8-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда күндүз жана 8-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 4-сентябрда күндүз, 5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 8-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6 сентябрда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунун, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

8-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда көпчүлүк аймактарда, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-сентябрда күндүз, 5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-8-сентябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 7-сентябрда күндүз жана 8-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

8-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий