• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

8-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Эртең, 8-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий