• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

850 миңден ашык кыргызстандык жаран чет жерде жашап, иштейт

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. 850 миңден ашык кыргызстандык жарандар чет жерде жашап, иштейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Ал белгилегендей, кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү Россияда эмгектенишет.

"Чет жерде туруктуу жана убактылуу жашап, иштеген кыргызстандык жарандардын саны 850 миңден ашат. Анын басымдуу бөлүгү Россияда иштешет. Россия Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-сентябрына карата 751 миң кыргызстандык жаран миграциялык каттоого алынган. Казакстанда 35-40 миң жаран, Түркияда 30 миң, АКШ менен Канадада 15-20, Италияда 5,5-6 миң, Кореяда 6-7 миң, Бириккен Араб Эмирлигинде 4-5 миң, Улуу Британияда 2 миңге жакын жаран эмгектенип, жашайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий