• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

№87 мектептин 5-классынын каза болгон окуучу тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркап келген – Искакова

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкектеги №87 орто мектептин 5-классынын каза болгон окуучусу Гүлзейнеп Галбаева төрөлгөндөн бери эле тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркап келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында №3 аймактык үй-бүлөлүк медицина борборунун педиатрия боюнча директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Анын айтымында, кыз төрөлгөндөн бери эле тубаса жүрөк кемтиги менен каттоодо турган.

“Андан тышкары, 2015-жылы өпкө гипертониясынын начарлашына жана жүрөк жетишсиздигинин өнүгүшүнө байланыштуу балага артерия каналынын түтүкчөсүн байлоо операциясы жасалган. Бирок, ага карабай кыздын абалы жакшырган эмес жана бул жүрөктүн оң карынчасынын гипертрофиясына алып келген, натыйжада кыздын ата-энесине зондирования жүргүзүү сунушталган. Бирок, алар өз кезегинде аталган процедурага караманча-каршы болушкан, ошентип баланын абалы начарлап кеткен”,-деди ал.

Мындан тышкары, орун басар акыркы жолу Гүлзейнеп 2019-жылы декабрда дарыланганын белгиледи.

“Өз кезегинде баланын дарылануу боюнча тарыхында төмөнкү диогноздор жазылган: тубаса жүрөк кемтиги, жогорку өпкө гипертензиясы, оң карынчанын гипертрофиясы, 2-класстагы жүрөк жетишсиздиги, оң жактагы гайморит жана тромбоцитопения. Ошондой эле бала туруктуу негизде текшерүүдөн өтүп турбаганы жазылган”,-деди Искакова.

Муну менен катар маалымкат боюнча окуучу мектепке начар абалда келгени жана өзгөчө көңүл бурууга муктаждыгы жазылган.

Такталгандай, кыздын ата-энеси пландык эмдөөдөн өтүүдөн баш тартышкан. “Ошондой эле Гүлзейнептин апасынын эмдөөдөн баш тартуу тууралуу жазма арызы дагы бар”,-деди Диляра Искакова.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 11-мартта Бишкекте №87 мектептин 5-классынын окуучусу 2009-жылы туулган Г.Галбаева ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон. Анын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Бирок, азыркы учурда кыздын апасы мектептин жетекчилигин шалаакылыкка айыптап жатат.

Пикир

Оставить комментарий