• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

884 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 884 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 708 — чоң адамдар жана 176 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыгы 709 адамды (анын ичинен 558 — чоң адамдар жана 151 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Жарандарды кабыл алуу жана чыгаруу боюнча Жарлык.

Пикир

Оставить комментарий