• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды

Билим 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүтүрүүчүлөр 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт.

9-класстын аттестациядан өтүү графиги:

1. 2023-жылдын 2-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;

2. 2023-жылдын 7-июну – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;

3. 2023-жылдын 12-июну – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);

4. 2023-жылдын 15-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;

5. тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп - лицейлер, мектеп - гимназиялар, окуу - тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

11-класстын аттестациядан өтүү графиги:

1. 2023-жылдын 2-июну – эне тили жана адабияты, эссе;

2. 2023-жылдын 7-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;

3. 2023-жылдын 12-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;

4. 2023-жылдын 16-июну – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).

5. тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

Ведомстводон кошумчалашкандай, 15-майдан 24-майга чейин 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактан тышкаркы убакта дене тарбия предмети боюнча зачет өткөрүлөт. Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы саат 09.00дɵ башталат.

Пикир

Оставить комментарий