• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

9-13-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. 9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

9-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз багыты батыш шамалына өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

12-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 13-февралда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-февралда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий