• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

9-13-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. 9-ноябрда жана 10-ноябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

10-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-13-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Толуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Пикир

Оставить комментарий