• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

9 айда мамлекеттик бюджетке түшкөн каражат 145 млрд сомдон ашкан

Экономика 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 9 айда мамлекеттик бюджетке 145 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР экономика жана финансы министри Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, 9 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 145,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 41,4%га көп болгон.

Анын ичинде салык кирешеси 46,6%га өсүп 107,4 млрд сомду, ал эми салыктык киреше 44,5%га өсүү менен 31,8 млрд сомду түзгөн.

“Муну менен биз учурдагы бюджетти аткаруу ички булактарды максималдуу колдонуунун негизинде келгенин айткыбыз келди: бюджетти толуктоо жана бюджет боюнча негизги чыгашаларды учурдагы ички кирешелер менен жабуу", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий