• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз айда мамбашкаруу секторунун бюджеттик ресурстары 299,5 млрд сомго жетти

Экономика 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекетти башкаруу секторунун бюджетинин ресурстары 299 млрд 500 млн сомго жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, салыктык түшүүлөрдүн өсүшү былтыркы жылга салыштырмалуу орточо өсүү темпи менен 150% деңгээлинде сакталды. Бул ресурстар үчүн негизги көрсөткүч болуп эсептелет.

“Ал эми чыгымдар боюнча айта кетсек, маанилүү мамлекеттик долбоорлор, министрлик жана ведомстволордун негизги чыгымдары өз убагында толугу менен каржыланууда. Негизинен каржы реалдуу секторго, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздуктарды камсыз кылууга жана ишкерлерди колдоого багытталган. Дагы бир эң негизги көрсөткүчтөрдүн бири бул социалдык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышы болду. Бул механизм 1-апрелден башталып, бүгүнкү күндө 100% ишке ашырылып, толук каржыланууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий