• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

9 айда милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын 5 миңден ашуун арыздарын карап чыкты

Коом 0


Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9 ай аралыгында милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын 5 миңден ашуун арыздарын карап чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Коомдук коопсуздуктун демилгеси” долбоорун ишке ашыруунун алкагында мындан 10 жыл мурда Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган жарандар үчүн милициянын көчмө кабылдамасы ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө республика боюнча 50 милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барат.

"Ички иштер министри Улан Ниязбеков милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин жакшыртуу боюнча өзгөчө көңүл бурууда. Анткени, милициянын көчмө кабылдамаларынын жардамы менен коомдун коопсуздугун камсыздоо, жарандардын арыздарын карап чыгуу ыкчамдыгынын жана калк менен мамилелерди жакшыртуу деңгээлин жогорулатууга негиз болду. Калк менен өз ара мамиле түзүүдө милиция басмырлабай, тескеринче элге кызмат кылыш керек", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен ишке ашырылат. Бул жаатта ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий департаментинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бондарев жана Көчмө мобилдүү автоунааларынын ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү Ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров тарабынан Ички иштер министрлигине ар тараптуу жардам көрсөтүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамалары – зарыл болгон шаймандар менен жабдыкталган адистештирилген кичиавтобус болуп саналат, анын ичинде жарандардан арыз-доолорун кабыл алуу менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектору жана кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери кызмат өтөйт.

Милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен жарандардан арыздарды, жасалган кылмыш жана жоруктар тууралуу маалыматтарды, жарандардын жана коомдун коопсуздугуна коркунуч келтирген окуялар жөнүндө маалыматтарды кабыл алышат, ошондой эле өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүшөт. Ошону менен бирге, жарандар менен ишенимдүү мамиле түзүү үчүн укуктук жактан маалымат берип, алдын ала түшүндүрүү иш-чараларын уюштурушат.

Мисалга алсак, 2021-жылдын 9 ай аралыгындагы ишмердүүлүктү талдоонун негизинде, республиканын аймактарына милициянын көчмө кабылдамалары – 5 222 жолу чыгышкан, 21 289 жарандар кабыл алынган, алардын ичинен – 12 348 эркек киши, 9 554 аял киши болгон, 5 289 – арыз-доолор каралып чыккан, алардын – 573 коопсуздук менен байланышкан арыздар, калган 4 816 жана башка доолор. 302 кылмыштар жана жоруктар КЖБРге катталган, анын ичинен – 141 кылмыш, 161 – жорук. Бузуулар боюнча 1 159 протокол түзгөн.

Милициянын көчмө кабылдамалары арыздарды кабыл алуу менен гана эмес, жарандарга юридикалык-укуктук кеңешме берүү кызматын аткарат. Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында – 3576 юридикалык-укуктук кеңешме берилип, жардам көрсөтүлгөн.

Милициянын көчмө кабылдамалары жүргүзгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында республиканы бардык аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана башка бузууларга бөгөт коюга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, милициянын көчмө кабылдамаларынын иш-аракетери жарандардын арыздарын өз убагында карап чыгуу жана калк менен кызматташууну түзүүгө коомдун камкордугун камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча оң таасирин тийгизүүдө. Коопсуздуктун жогорку деңгээли - жарандык коом менен милициянын тыгыз өз ара аракеттенишүүсү менен гана жетүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий