• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

9 айда республикалык бюджетке 102 млрд. сомдон ашык каражат түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Борбордук казыналыктын алдын ала берилген маалыматтары боюнча, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында республикалык бюджетке 102 млрд 136,3 млн сом өлчөмүндө ресурс келип түштү же план (101 млрд 274,9 млн сом) 100,9 %га аткарылды. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ресурстар 4,3 %га же 4 млрд 256,3 млн сомго көбөйдү.

Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:

Мамлекеттик салык кызматы – 43,7 %,

Мамлекеттик бажы кызматы – 30,2 %,

Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер – 14,6 %,

Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,4 %.

Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 85 млрд 221,3 млн сомду же пландын 100,4 %ын түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 147,2 млн сомго азайды.

Салыктык түшүүлөр 75 млрд 485,3 млн сомду түздү (план боюнча 75 млрд 723,1 млн сом келип түшмөк) же план 99,7 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсүшү акчалай 10 млрд 603,8 млн сомду түздү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 88,6 %ды түздү.

Салык кызматы боюнча түшүү 44 млрд 644,6 млн сомду түздү же план 99,2 %га аткарылды. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 10 %га же 4 млрд 66 млн сомго көбөйдү.

Бажы кызматы боюнча түшүү 30 млрд 840,7 млн сомду түздү же план 100,3 %га аткарылды. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 26,9 %га же 6 млрд 537,7 млн сомго көбөйдү.

Салыктык эмес түшүүлөр 9 млрд 562,3 млн сомду түздү же план 104,2 %га аткарылды (план боюнча 9 млрд 177,5 млн сом келип түшмөк). Өткөн жылдын деӊгээлине карата салыктык эмес кирешелер 4 млрд 680,9 млн сомго азайды. мамлекеттик инвестициялык программалардын (МИП) грантын кошпогондо расмий трансферттер боюнча түшүү 173,8 млн сомду түздү.

Активдер жана милдеттенмелер 16 млрд 914,9 млн сомду түздү же план 103,3 %га аткарылды (план боюнча 16 млрд 374,2 млн сом келип түшмөк).

Пикир

Оставить комментарий