• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

9 айда жергиликтүү бюджеттерге 3 миллиард сом бөлүндү – финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 9 айда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу КР финансы миинистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 млрд 358,5 млн сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп берилди, анын ичинде:

- теңдөөчү трансферт иш жүзүндө 1 млрд 443 млн сом суммасында каржыланды;

- максаттуу трансферттер иш жүзүндө 1 млрд 915 млн 553,8 миң сом суммасында каржыланды, анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга жана финансылык айырмачылыктарын жабууга – 1 млрд 244 млн 237,3 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 179 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатууга – 301 млн 852,1 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 «Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 118 млн 612,5 миң сом;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө республикалык бюджеттен 71 млн 851,9 миң сом бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий