• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

9-августтан баштап Калкты тейлөө борборлору адаттагы иш графигинде иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 9-августтан баштап Калкты тейлөө борборлору адаттагы иш графигинде иштеп баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунан тартып өлкөнүн бардык Калкты тейлөө борборлорунда саат 8.00дөн 19.00гө чейин иштөө графиги пилоттук режимде киргизилген. Бул өзгөртүүлөр жарандар үчүн мындай режимдин ыңгайлуулугун сыноо максатында 2021-жылдын 31-августуна чейинки жайкы мезгилге киргизилген.

“Бирок, бул иштөө режиминин натыйжалуулугу болбогондуктан Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин кадимки режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 9-августунан тартып Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин стандарттык иштөө графигине өтүшөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Калкты тейлөө борборлорунун даректери: https://grs.gov.kg/kg/subord/drnags/1480-kalkty-tieiloo-borborloru/

Пикир

Оставить комментарий