• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

9-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек. 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 4…+1 градус, Ысык-Көлдө күндүз -2…+3 градус, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 1…6 градуска чейин жылыйт

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы 0…2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий