• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

9-январга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.01.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 3-январда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

4-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 4-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

5-6-январь күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

6-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 8-9-январь күндө ү туруксуз аба-ырайы сакталып турат, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий