• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

9-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-январдан 9-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-6-январларда жана 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз жана 8-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-7-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн. 8-январда күндүз жана 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-8-январларда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-6-январларда жана 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз жана 8-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-8-январларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-6-январларда жана 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз жана 8-январда кар жаашы күтүлөт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-7-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий