• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

9-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Эртең, 9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…1 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус.

Эртең, 9-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1...-3 градус суук болот.

Пикир

Оставить комментарий