• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

9-июль күнү өлкө боюнча 198,1 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. 9-июль күнү өлкө боюнча 198,1 погондук метр унаа жолу, 269 чарчы метр имарат дезинфекцияланган.

Жалпы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2 миң 929 адамга ысык тамак-аш берилген.

Акыркы бир күн ичинде 112 кызматына жалпы 7 миң 54 чалуу катталып, анын ичинен 351и коронавируска байланыштуу болгон.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация катары уюштурулган жайларда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (тамак-аш жеткирүү, гигиеналык каражаттар менен камсыздоо), күндүзгү стационарга орундуктарды койдурууга ӨКМ тарабынан 451 кызматкер жана 35 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий