• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

9-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-июлдан 9-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

6-июлда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 6-июлда күндүз кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

7-июлда түнкүсүн Чүй облусуну тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлө. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6- июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 6-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

7-9-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6-июлдарда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунда жана Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт

6-июлда түнкүсүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 6-июлда күндүз кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

7-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6- июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-июлда күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-июлда көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-июлда түнкүсүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлө. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6- июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз 6-июлда жана 7-июлда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

7-июлда күндүз, 8-июлда жана 9-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-июлда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июлда күндүз кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-июлда көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-6- июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий