Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Эртең, 9-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Эртең Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30.
Пикир
Оставить комментарий